Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Молдовада бүгүн президентти шайлоо аракети кайрадан көрүлөт


Өткөн айда арты тополоң менен коштолгон парламенттик шайлоодон кийин да орундардын басымдуу бөлүгүн бийликтеги Коммунисттик партия алган Молдова парламенти бүгүн жаңы президентти шайлоо үчүн экинчи ирээт добуш берет.

Коммунисттер кызмат мөөнөтү аяктаган Владимир Ворониндин ордуна президенттикке талапкер кылып, азыркы премьер- министр Зинаида Гречанаяны көргөзүшкөн, Алгачкы добуш берүүдө анын шайлануусу үчүн бир эле добуш жепей калган болчу. Президенттин шайлануусу үчүн парламентеги 101 депутаттын 61нин добушу талап кылынат. Коммунисттер 60 эле орунга ээ. Апрелдеги парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген оппозициядагы партиялардын депутаттары болсо президентти шайлоо жараянына катышуудан баш тартышкан.

Кокус парламент президентти бүгүн да шайлай албаса, ал таратылып, жаңы шайлоо өткөрүлүүсү керек.

Молдова парламентинде азыр кызмат мөөнөтү аяктаган президент Владимир Воронин төрагалык кылат. Ал спикерликке эки апта мурда шайланган.

XS
SM
MD
LG