Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Түндүк Корея Түштүк Кореяны аскерий чара менен коркутууда


Пхеньян кечээ Корей жарым аралында 1950-53 жылдары болгон согушту токтоткон келишимге мындан ары байланбай турганын жарыялады. Түндүк Кореянын армиясы тарабынан жасалган билдирүүүдө, эгерде кемелери эл аралык күчтөр тарабынан, токтотулуп текшерилсе, “кубаттуу аскерий сокку” менен жооп беришери айтылат.

Мындай эскертүүнүн алдында Сеул Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча АКШ баштаган коопсуздук демилгесине кошулганын билдирген эле. Ал мындай кадамга Пхеньян ушул дүйшөмбүдө өзөктүк сыноо өткөргөн соң барды. Аталган программа массалык кыргын салуучу курал жасоодо керектелүүчү жабдуулар бар деп шектелген жүктөрдү кармоого багытталган. Мурдараак Түндүк Корея Түштүк Кореянын бул программага толук кошулуусун согуш жарыялагандык катары кабыл аларын эскерткен болчу.

Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Түндүк Кореянын аракеттери анын изоляцияда калуусун мурдагыдан да күчөтөрүн белгилеп, Вашингтондун Түштүк Корея менен Жапониянын коопсуздугун коргоо боюнча милдеттемеси бар экенин дагы бир ирээт билдирди.

Пхеньяндын өзөктүк сыноосу эл аралык коомчулуктун айыптоосун жаратты. Түндүк Корея болсо эл аралык коомчулуктан айтылган сындарга, эки күндүн ичинде кыска аралыкка учуучу беш ракетасын сыноо менен жооп берди.

XS
SM
MD
LG