Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:53

Кыргызстанда Ооганстан боюнча конференция өткөрүү демилгеси көтөрүлдү

Бул маселе бүгүн ТИМдин дипломатиялык академиясында өткөрүлгөн “Бишкек демилгесине” байланыштуу тегерек үстөл жыйында козголду. “Бишкек демилгеси” үстүбүздөгү жылы 4-мартта президент Курманбек Бакиев тарабынан көтөрүлүп, анда Борбор Азия аймагындагы коопсуздук жана Оогастандагы кырдаалды турукташтыруу маселесине диалог кылууга Кыргызстан аянт болуп бере тургандыгы айтылган. Бүгүнкү тегерек үстөл жыйынында Ооганстандагы түзүлгөн кырдаалдарга жана андагы проблемаларды чечүүдө жаңыча формаларды табуу маселеси каралды.Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)
XS
SM
MD
LG