Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын эки жүзгө чукул атуулу Орусияда ар кандай себептер менен кылмыш кылышып, түрмөлөргө камалган. Ал ошондой эле Акыйкатчынын жардамы менен Орусиянын түрмөсүнөн жакында эле үч кыргызстандык бошотулганын, дагы экөөнү бошотуу боюнча документтери даярдалып жатканын белгиледи. (AJ)