Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Кара-Суу районунда 114 социал-демократ «Ак Жол» партиясына өттү


Бул туурасында райондогу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Махаматжан Бакиев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, бийликчил саясий уюмдун жаңы мүчөлөрү социал-демократиялык партиянын жолбашчылары Бириккен элдик кыймылга кошулгандыгын айыптап, СДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттары Американын авиабазасынын Бишкекте калуусун колдоп жаткандыгына каршылыгын билдиришкен. СДПНын Ош облустук координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Алымбай Кадыров жергиликтүү органдардын кысымынан кийин партиянын 14 мүчөсү арыз менен кайрылгандыгын, алардын өтүнүчү канаттандырылгандыгын, бирок ошонун эки-үчөө гана куру убадаларга ишенип «Ак жолго» өтүшү ыктымалдыгын, мындай аракет жогорку бийликтин буюртмасы экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG