Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Жоголгон ишкердин апасы президентке арманын айтып кат жиберди


Депутат Ж. Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражанов менен депутат Руслан Шабатоевдин жоголгонуна 240 күн болду. Амиражановдун апасы Суусар Сыдыкова президент Жалал-Абадга келгенде ага жолугуп, арыз кат тапшырууга мүмкүнчүлүк ала албады. Ал К. Бакиевге жазган катында кишилерди атуу, өрттөө, кордоо-тоноо кылмыштары үчүн эч ким жооп бербей, Коопсуздук кеңеш катчысы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети президенттин буйругун аткара албай жатканын жазган. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев депутат Ж. Жээнбековду «айыптаган» сөзү үчүн жооп бериши керектигин белгилеген. Президент бул ишке көңүл буруп, Бактыяр табылбаса, баласын жоготуп күйүткө баткен эненин Ак үйгө барып, арманын билдиргенден башка аргасы жок (YA)

XS
SM
MD
LG