2002-жылы Нарын облусунда жакырчылыкты жоюу боюнча «Жүрөгүм менин тоолордо» аттуу телемарафон өткөрүлүп, андан 3 457 105 сом чогулган. Бул акча каражаттар мыйзамсыз пайдаланылган деген доомат менен "Биримдик» ассоциациясы облустук прокуратурага, коопсуздук башкармалыгына арыз менен кайрылган. Мисалы, Нарын район акимчилиги 80 миң сом алып, кайра кайтарбаган. Аталган ассоциациянын төрагасы Тойчубек Айдаралиев прокуратура, облусук коопсуздук башкармалыгы ишти негизсиз жаап салышты деп белгилеп, ишти кайра жандандыруу үчүн шаардык сотко кайрылгандыгын маалымдады. Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармасынын жетекчиси Таалай Жапаров бул арыздын негизинде иш козголгондугун, бирок кылмыш иш мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылгандыгын билдирди. (KUs).