Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Молдова парламенти президентти шайлоону 3-июнга жылдырды


Депутаттар бүгүн добуш бермек. Бирок коммунисттик фракциянын бардык мүчөлөрү аны кийинкиге жылдырууну колдошту. Өткөн аптада шайлоонун биринчи айлампасында коммунисттердин талапкерине 1 добуш жетпей калган. Экинчи айлампада президент шайланбай калса, парламент таркатылып, эрте шайлоо жарыяланууга тийиш. Өткөн айдагы парламенттик шайлоодо коммунисттердин жеңиши толкундоолорго алып келген. Молдованы көп жылдардан бери башкарп келген Владимир Воронин коммунисттик партиянын өкүлү.

XS
SM
MD
LG