Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:08

Экономика: ОПЕЛдин ара жолдо калышына он миңдеген жумушчу түпөйүл


Oпелди бул ирет Фиат "жута" алган жок...
Oпелди бул ирет Фиат "жута" алган жок...

Америкалык Женерал Моторстун Европадагы ишканаларын ким сатып алыш керек деген маселенин башы ачылбай, машина жасоочу Опел ишканасынын келечеги боюнча сүйлөшүү үзгүлтүккө учурады. Бул ЖМдин Европадагы, анын ичинде Орусиядагы 10 миңдеген жумушчуларын түпөйүл сезимде калтырды.

Берлиндеги сүйлөшүүгө Германиянын министрлери менен катар, Женерал Моторстун өкүлдөрү жана Опелди сатып алууну көздөгөндөр чогулду. Алар АКШда кризистин капшабында калган Женерал Моторстун Европадагы бөлүмү болгон Опелди сактап калуунун айла-амалын сөз кылышты. Бирок ушул шаршемби күнү кечинде башталып, түнү менен уланган сүйлөшүүнүн катышуучулары таңга маал куру кол чыгышты.

Германиянын финансы министри Пеер Штейнбек «акыркы мүнөттө кошумча акча сурады» деп ЖМди күнөөлөдү.

Опел Женерал Моторсту глобалдык кайра уюштуруунун чегинде сатылууда. АКШнын өкмөтү ЖМге 1-июнга чейин кайра уюштурууга мөөнөт берип, болбосо банкрот болоорун эскерткен.

Шаршембиде ЖМдин насыячылары өз баалуу кагаздарын ишкананын акцияларына алмаштыруу сунушун четке каккандан кийин, банкроттуктан кутулуу кыйындагандыгы айтылууда.

Опелге аларман таап, тийиштүү келишимдерди түзүү үчүн бир нече ай талап кылынат. Ушундан улам, Германия Опелди убактылуу трасттын карамагына өткөрүп, трастка 1 жарым миллиард евро көлөмүндө мамлекеттик насыя берүүнү сунуш эткен. Анын аралыгында, алармандар менен сүйлөшүүлөр уланмак, ал эми Опелдин кесиптик кошуундары ЖМ банкрот болсо, Опелди сактап калуу мүмкүн болот деп үмүттөнүп жатышкан.

Азыркы сүйлөшүүнүн үзгүлтүккө учурашын билгенден кийин Опелдин Германиядагы жумушчулары эки ача пикирде калышты.

Алардын бири Йоахан Хилл Опелдин Русселсхайм бөлүмүндө иштейт. Ал Опелдин машиналары мыкты экендигин белгилеп, ишкана базардагы позициясын сактап калат деген үмүтүн билдирди. Бирок атын атабаган дагы жумушчу жумушчуларда маалымат жок экендигине нааразы болуп, «жарылуу болсо, баары бүткөнү калды» деди.

Женерал Моторстун Европада 54 миңден ашык жумушчусу бар. Алардын жарымына чукулу Германияда. Бирок Британия, Швеция, Испания, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө да ЖМдин ишканаларында миңдеген жумушчулар иштешет.

Бул өлкөлөрдүн айрымдарында ишкананы сактап калууга Германиянын шымаланып киришип жатканынан чочулоо күчтүү. Алар иш орундарынын көбү Германияда сакталып, башкалар куру кол калышат деп сарсанаа.

Опел үчүн учурда Магна жана Фиат ишканалары ат салышууда. Инвестициялык Р-Эйч-Жей компаниясы буга чейин эле жарыштан чыгып алган.

Магна - Австрия менен Канаданын ортосунда түзүлгөн машина жасоочу ишкана. Германияда бийликтер дал ушул ишканага артыкчылык берип жатышканы айтылууда. Магна Орусиялык ГАЗ компаниясы жана Сбербанкы менен биргелешип ат салышууда.

Ушундай тынчсыздануулардан улам болсо керек, Опелдин келечегин талкуулоо үчүн Европа Комиссиясы жума күнү европалык соода жана экономика министрлери менен жыйын өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG