Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кечээ шаарда эки ирээт болгон бомба жарылуусунан кеминде беш адам каза таап, 100дөй киши жаракат алды. Бул жарылуулардан көп өткөй эле, полициянын билдиргенине караганда, шаардын четиндеги полиция бекеттеринин биринде жанкечти жардыруу жасаган. Ал жерде төрт полицей мерт болду. Мындан бир күн мурда Лахор шаарында жанкечтинин чабуулунан 24 киши каза таап, 300дөйү жаракат алган эле. Бул үчүн Талибандын Пакистандагы бөлүмү жоопкерчилик алып, чабуул өкмөттүк армиянын Сват өрөөнүндөгү операциясына жооп катары уюштурулганын билдирди.