Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

БУУнун өкүлү АКШ Ооганстан менен Ирактагы аскерий кылмыштарды талаптагыдай иликтебей жатат деп эсептейт


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин атайын өкүлү Филип Алстондун кечээ Женевадан билдиргенине караганда, АКШ бийликтери америкалык аскер кызматчылар тарабынан Ирак менен Ооганстанда жасалган, аскерий кылмыш деп шектелген окуяларды талаптагыдай иликтебей жатат. Айрым иштер тергелип, сотко жеткен учурлар бар, бирок жумшак өкүмдөр чыгууда.

Ошол эле учурда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин атайын өкүлү америкалык аскер кызматчылардын укук бузуулары кеңири жайылган көрүнүш деп эсептегидей далил жок экенин баса белгиледи. АКШнын Женевадагы миссиясынын кызматкерит президент Барак Обаманын администрациясы БУУнун атайын өкүлүнөн алынган маалыматтарды кылдат иликтерин билдирди. Филип Алстон кечээ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин өз иликтөөсүнүн тыянактарын тапшырды.

XS
SM
MD
LG