“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курмановдун бүгүнкү маалымдоосуна караганда, бул датага карата кинорежиссерлор Асанкожо Айтикеев жана Эрнест Мамытов документалдуу фильм тартышат. Ал эми 19-июнда Ысык-Көлдө Кыргызстанда парламентаризмдин абалы, өнүгүшүнө арналган илимий конференция болот. Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына карата расмий иш чаралар быйыл күзүндө болмокчу.(AiT)