Жарылуу Ирандын түштүк – чыгышындагы Систан – Балучистан провинциясынын борбору Захедан шаарындагы мечитте болду. Андан каза тапкан 19 адамдан тышкары, 125тен ашуун киши жаракат алган. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек.
Провинция губернатору Али Мохаммад Азад теледен сүйлөгөн сөзүндө жардырууну террорчулардын аракети менен байланыштырды, бирок алар кимдер экенин айткан жок. Ал ошондой 12-июндагы президенттик шайлоону утурлай кол салуу пландаган деген шек менен камалган башка адамдар бар экенин билдирди.
Систан –Балучистан - Пакистан жана Ооганстан менен чектеш, наркоткезчилер жана полициянын куралдуу кагылышуулары болуп турган провинция. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгүн шийиттер түзгөн Ирандын бул провинциясында суниттер отурукташкан. Мындан бир аптага жетпеген убакыт мурда эле Иран , Ооганстан, Пакистан президенттери Тегеранда жолугуп, аймактагы наркосоодага жана террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү ниетин дагы бир ирээт ырасташкан болчу.