Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:21

Вашингтондо АКШ президенти менен палестин лидери жолукту


Барак Обаманын Ак үйдөгү жолугушуу учурунда билдиргенине караганда, Жакынкы Чыгышта тынчтыкты көздөй кадам шилтөө үчүн Израиль Иордандын Батыш жээгинде конуштарды курууну токтотуусу керек. Палестин тарап болсо өз кезегинде Израилдин коопсуздугуна Батыш жээктеги коопсуздукту камсыз кылуу аркылуу салым кошуусу абзел:

-Жол картасына ылайык (тынчтык үчүн) ар бир тараптын өз милдеттемеси бар. Израиль тараптын милдеттемелери конуштарды токтотууну, турмушка жарамдуу палестин мамлекети болгудай шарт түзүүнү камтыйт. Ал эми палестин тарап Батыш жээкте коопсуздук чараларын көрүүнү улантуусу өтө маанилүү жана зарыл.


Барак Обама палестин лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн күнү (28-май) эле Израиль АКШнын Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарынын курулушун жана кеңейүүсүн токтотуу чакырыгын четке каккан эле. Махмуд Аббас баштаган палестин жетекчилиги конуштардын курулушу жүрүп жаткан шартта, Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруунун мүмкүн эмес деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG