Ишемби күнү Алар-Арча көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер жана саясатчы Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылат. Ага расмий бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери, оппозициялык саясатчылар катышмакчы. Бул тууралуу Дооронбек Садырбаевдин пикирлештеринин бири Азимбек Бекназаров билдирди. Д. Садырбаев өткөн жылы 28-майда каза тапкан эле.(AiT)