Бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 17 жылдыгына жана Чегара кызматынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы азыркы тапта Куралдуу Күчтөрдө реформа жүрүп жаткандыгын белгиледи. “Бул өзгөрүүлөрдүн ийгилигин жакында өткөн биргелешкен командалык-штабдык “Коопсуздук–2009” машыгуулары көрсөттү. Эми, буюрса, жакында Кыргызстанда азыркы коркунучтарга жана көйгөйлөргө каршы тура алгыдай чакан, ыкчам жана кесипкөй армия куралат”, - деди К.Бакиев.
Президент Кыргызстан террорчулук, диний экстремизм, баңги соодасы жана башка коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча эларалык кеңири кызматташтыктын жигердүү мүчөсү бойдон кала бере тургандыгын белгиледи.
Салтанаттуу иш-чара белгилүү эстрада ырчысы, Россия Федерациясынын Эл артисти Олег Газмановдун жана “Эскадрон” тобунун катышуусундагы майрамдык концерт менен аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)