Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын губернаторунун орун басары Сун Яо мырзаны Кыргызстан тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов 27-майда кабыл алды.Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу кызматташуулар өнүгүп баратканын белгилешип, Хэйлунцзян провинциясы менен Кыргызстандын кызматташуусуна көңүл бурушкан.Кыргызстан тоо кен, кайра иштетүү жана айыл чарбасы багытында кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирген. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)