Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 14:45

Свердлов райондук соту өзбек качкынына байланыштуу маселени кароодо


Өзбекстан атуулу Шерали Хамдамов быйыл февраль айында Бишкекте кармалган. Ага мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн, конституциялык түзүлүштү бузууга үндөгөн жана тыю салынган уюмга мүчө болгон деген айыптар коюлууда. “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын билдирүүсүнө караганда, 20 жаштагы Хамдамов качкын статусун алуу үчүн БУУнун качкындар комиссариятында катталган. Анын энеси качкын статусун алып, Канадага көчүп кеткен. Бүгүн Свердлов райондук соту Ш.Хамдамовго коюлган айыптарды териштирүүгө киришти.(AiT)

XS
SM
MD
LG