Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Акыйкатчы балдар күнүнүн алдында онкология борборунда болду


Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун 29-майда Бишкектеги Онкология ооруканасынын балдар бөлүмүндө болуп, ал жердеги абал менен таанышты жана сыркоо балдарга белек-бечкек тапшырды. Бул тууралуу Турсунбек Акун “Азаттыкка” маалымдады. Маалыматка караганда, онкологиялык оорукананын балдар бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Байзакова Италиядан демөөрчүлөрдү таап, балдардын онкология борборун курууга аракеттенүүдө. Бирок тынымсыз текшерүүлөр, жаңы салына турган борборго жер бөлүү маселесинин чечилбеши долбоордун аткарылышын токтотуп турат. Акыйкатчы бул маселени чечүү үчүн өзүнүн салымын кошууга убадасын берип кайтты. (AiT)

XS
SM
MD
LG