Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Ала-Арча көрүстөнүндө Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды


Белгилүү коомдук-саясий жана маданий ишмердин эстелигин ачуу салтанатына оппозициянын лидерлери Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева жана башкалар катышты. Бийлик адамдарынан Акыйкатчы Турсунбек Акун, каржы министри Марат Султанов жүрдү. Чыгып сүйлөгөндөр Дооронбек Садырбаевдин коомдук жана маданий активдүү ишмердигин жана мамлекет алдында сиңирген эмгегин баса белгилеп сүйлөштү. Дооронбек Садырбаев ондогон даректүү жана көркөм фильмдерди тарткан чебер режиссер жана бийликтин катасын көзүнө айтып сындаган депутат катары кыргыз элинин эсинде калды. Дооронбек Садырбаев өткөн жылы 27-майда Чүй облустук ооруканасына оор абалында түшүп, бир күн өтпөй каза тапкан. Көзү тирүү болгондо быйыл жылы 70 жашка чыкмак. (KCh)

XS
SM
MD
LG