Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

К. Бакиев каржылык тартипти чыңдоо чаралары жөнүндө жарлык чыгарды


Жарлыкка ылайык, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана аны натыйжалуу пайдалануу максатында, республикалык бюджет бекигенден кийин кабыл алынган жана кошумча каражат талап кылган ченемдик укуктук актыларда анын каржылоо булактары анык көрсөтүлүүгө тийиш. Экинчиден, министрликтер жана башка мамлекеттик мекеме-уюмдар конкретүү экономикалык негизи жок туруп, каржылоо булактары аныкталмайынча жана республикалык бюджетке тийиштүү өзгөртүү киргизилмейинче бюджеттик каражаттарды чыгымдоонунун көлөмүн көбөйтпөшү керек. Бюджеттин туруктуулугун жана резервин камсыз кылуу үчүн Резервдик фонд түзүү жана бюджеттик каражаттары максаттуу пайдалануу чараларын көрүү, республикалык бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик актыларды түгөлдөп чыгуу жөнүндө Өкмөткө тапшырма берилди. (KCh)

XS
SM
MD
LG