Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Түп районунда бийлик оппозицияга каршы митинг даярдап жатат


Бирикен Элдик Кыймылдын басма сөз кызматы таркаткан маалыматка караганда, 31- майда Түптө оппозицига каршы бийлик тарабынан анти митинг өткөрүлгөн жатат. Анын башкы уюштуруучусу Талды-Суу айылындагы социалдык кызматтын начальниги Раимбекова айым экени айтылууда. 2008-жылы оппозициянын лидерлерине жумуртка жаадырган антимитингди да ушул айым уюштурган. Атайын кызматтардын жана тартип коргоо органдарынын жетеги астында мамлекеттик кызматчылар жана бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери антимитингге барууга мажбурлап кол койдуруп алып жатышат. Президентикке талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Турдалы Көлбаевдин айтымында, 29-майда саат 23.00 чамасында Бостери айылында “Айгай” гезитин он миң нускада ташып бараткан автоунааны милиция кармады. Аталган автоунаанын айдоочусу азыркы учурга чейин милиция бөлүмүндө кармалып турат. Милициянын кызматкерлери айдоочуну кое бербештин жана гезитти алып калыштын амалында миңдеген шылтоо таап жатышат. (KCh)

XS
SM
MD
LG