Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Азамат Уламаев Мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калды


Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Азамат Уламаев кыргыз тилинен жазуу иштери боюнча өзүнүн сабатсыздыгын көрсөтүп, программасын оозеки айтууда өзүнүн платформасын мамлекеттик тилде түшүндүрүп бере албаганы аз келгенсип, көркөм окууну дагы начар окуган. “Жыйынтыгында тил комиссиясынын жетөө Азамат Уламаевди мамлекеттик тилди билбейт, экөө билет деген баасын берди”,-дейт Ташбоо Жумагулов. БШКнын тизмесинде президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн 13 атуул калды. (AJ)

XS
SM
MD
LG