Бул туурасында бүгүн ачкачылык кармап жаткандардын бири Азиз Аргынбаев “Азаттыкка” карбалады. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен акцияга коомдук коргоочу Уран Рыскуловдун апасы келип кошулду. 28- май күнү У. Рыскулов дагы Петровкадагы башаламандыкка байланыштуу камакка алынган. Учурда ачкачылык кармап жаткандардын кан басымы түшүп, дарыгерлер акцияны токтоттуу туурасында эскертүү беришүүдө. Бирок акция токтогон жок. Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучулары деп шектелип камакка алынышкан Э. Бөлөкбаев менен С. Аргынбаевдин туугандары үстүбүздөгү жылдын 26- май күнү ачкачылык акциясын башташкан. (JJ)