Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Жалал-Абатта шаардык милиция жаңы конуштуу болду

Жоюлган облустук салык кызматынын имараты оңдолгондон кийин шаардык милицияга берилди. Анын ачылышына бүгүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев катышты. Имаратты оңдоого Жалал-Абат шаар бийлиги бир миллион сегиз жүз миң сом акча жумшаган. Шаардык милициянын имараты 2005-жылдагы март ыңкылабында өрттөлүп кеткен. Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова буга чейин милициянын эски имаратында убактылуу кармоочу жайлар тар болгондуктан бир камерада 10-12 адамга чейин киши кармалаарын, ал жердегилердин саясий укуктары чектелерин белгилеген. Иши облустук сотто карала турган адамдар да шаардык милициянын абагында турушат. Адам укугун коргоочулар облуска тергөө изоляторун куруу маселесин көтөрүшкөн . (YA)

XS
SM
MD
LG