Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Ысык-Көлгө каттаган кичи автобус ээлери курултайга киши ташыбоо жөнүндө тил кат жазып беришти


Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил жана кичи автобус ээлеринен күч органдары тил кат жаздырып алды. Анын мазмунуна ылайык, Түп районунда боло турган курултайга барчу жүргүнчүлөрдү жеткирсе, айдоочулар керт башы менен жооп берет. Күч органдарынын мындай талабына айрыкча Каракол-Түп каттамдарында иштеген таксилердин айдоочулары нааразы болуп атат. Анткени, алардын айтымында, таксиге түшкөн жүргүнчүлөрдүн кимиси курултайга келгенин айрып билүү мүмкүн эмес. Бул маалымат БЭКтин облустагы штабынан алынды. (RB)

XS
SM
MD
LG