"Демократия жана жарандык коом үчүн!" коалициясынын өкүлү Мамбетимин Өмүракуновдун маалыматына караганда оппозициянын курултайына катышуу үчүн Балыкчыдан чакан автоунаа менен Түпкө бараткан 12 адамды МАИ кызматкерлери таңга жуук кармап, укук коргоочулардын киришүүсү менен бошотулду. Ал эми "Ата мекендин" лидерлеринин бири Эркин Алымбековду Тоң райондук МАИ кармап, автоунаа айдаганга укугу жок деген негиз менен документтерин алып койду. (BuS)