Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

А. Абдырасулова: Жергиликтүү бийлик элдин эркин чогулуу укугун бузду


"Кылым шамы" укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова "Жарандардын эркин чогулушуна сот гана тыюу сала алат, жергиликтүү бийлик бул ирет соттун милдетин аткарды" деп билдирди. Укук коргоочу мындай билдирүү менен Балыкчыда оппозициянын катышуусундагы жыйынды шаар бийлиги тараткандан кийин чыкты. Жыйынга катышып жаткан оппозиция лидерлери жалаңдаган, алдуу-күчтүү жигиттердин жана ажаан аялдардын опузаларына кабылышты, автоунаалары тосулду. Атайын уюштурулган топторду эл чогулган жерге шаар башчысы Талант Өмүракунов баштап барды деген кабар тарады. Ар кайсы булактардын маалыматтарына караганда оппозициянын катышуусундагы жыйынга катышуу үчүн 200дөн 500гө чейинки иши чогулгандыгы айтылды. Балыкчыдагы окуя боюнча расмий маалымат берилген жери жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG