Балыкчы шаарынын мэри Талант Өмүркулов шаар бийлигинен алдын ала уруксат албагандыгы үчүн оппозициянын жыйыны кууп таратылганын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Жыйынга келген элдердин кетишин талап кылган күч-карылуу топ жигиттерди жана ажаан аялдарды жергиликтүү бийлик уюштурду, деген айыптарды четке какты. Бул жигиттердин алдында жарандык кийимчен шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кандыбек Дегенбаев, ал эми аялдардын башында Балыкчынын мэри Талант Өмүркулов жүргөнүн жергиликтүү тургундар “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти. (EBM)