Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Башкы прокуратура архивдин имаратын курууга берилген жерди кайтарат


Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты. Башкы прокуратура Бишкектин Ибраимов жана Огомбаев атындагы көчөлөрүнүн кесилишинен архив материалдарын сактоочу жайды курууга берилген жерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун аныктап, ал мамлекетке кайтарылсын деген чечимге келди. Себеби, 2003-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик комитет ал жерди "Соода Элит маркет" деген жоопкерчилиги чектелген уюмга 1 милллион 50 миң сомго саткан. Келишимге ылайык ал уюм 100 жумушчу ордун түзүп, 2008-жылдын аягына чейин 400 миң доллар салып, курулушту бүтүрүүгө милдеттүү болчу. Бирок жерди сатып алган уюм аны аткарган эмес. Ошондуктан өкмөт башчы Игорь Чудиновго өкмөттүн ушул соода тууралуу чечимин жокко чыгарып, кайра мамлекетке кайтаруу сунушу берилди.(BD)

XS
SM
MD
LG