Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Президенттикке дагы бир талапкер тил сынагында


Азыр мамлекеттик тил сынагынан өтүүнүн жазуу түрүндөгү тапшырмасын аткарууга президенттикке талапкер Жаныбек Сүйүналиев киришти. Ал кесиби боюнча инженер. Буга чейинки сынактардан президенттикке 14 талапкердин ичинен ону өтүп, экөөнө комиссия мамлекеттик тилди билбейт деген баа берген. Алар Кутманбек Эшенбаев менен Азамат Уламаев. Бүгүн сынтактан өтүп жаткан талапкер Жаныбек Сүйүналиев элдик бийликти калыптандыруу, анын ичинде элдик курултай өткөрүү системасын киргизип, элдин чечиминин негизинде сот жана прокуратура өкүлдөрүн кызматтан алуу жана алардын ордуна татыктууларды шайлоо тартибин киргизип, коррупцияны жоюрун билдирди. Ал эми экономика тармагында мурда менчиктештирилип кеткен бюджет түзүүчү жайларды жана тоо-кен байлык кендерин кайра мамлекетке кайтаруу программасынын башкы милдети экендигин билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG