Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Депутат К.Кадыров Баш прокурорго кайрылат


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров Башкы прокурорго Түп районунун акими Саматбек Керимкулов менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Дүйшөмбиевди мыйзам чегинде жазага тартууну талап кылат. Депутаттын айтымында, буга 30-майда ички иштер бөлүм башчысынын өзүн сөккөндүгү жана анын тукуругу менен атайын даярдалган адамдардын кийимин тытып кол тийгизгендиги негиз берет. Андан тышкары ички иштер бөлүм башчысынын мындай тартипсиз ишин көрүп туруп унчукпаган аким да жаза алууга тийиш деген депутат жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракети депутаттын кол тийбестик укугу гана эмес адам укугун басмырлады деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG