Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Жалал-Абатта президенттикке талапкерлер үчүн топтолгон кол тамгалар текшерилүүдө


Президенттике талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев үчүн облус аймагынан топтолгон кол тамгалардын жыйынтыгы бүгүн кечке жуук чыгышы ыктымал. 31-майда Алмазбек Атамбаевдин обустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Касымбеков аталган талапкер үчүн чогултулган 18341 колду облустук шайлоо комиссиясына тапшырган. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымовдун билдиришинче, «Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев үчүн жыйналган 4000 кол тамга да кабыл алынган. Буга чейин шайлоокомдогу жумушчу топ текшерген талапкерлер Курманбек Бакиевге караштуу колдун 4 пайызы, Акбаралы Айтикеев жана Нурлан Мотуевдин ар бирине коюлган кол тамгалардын 10дон пайызы, Жеңишбек Назаралиевге жыйналган колдун 12, 6 пайызы жарабай калган. (YA)

XS
SM
MD
LG