Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Түп райондук прокуратурасы оппозицияга эскертүү берди


БЭКтин уюштуруу штабынын башчысы Азимбек Бекназаровго жолдонгон эскертүүдө прокуратура жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укуктары тууралуу мыйзамдарды бузбоосун талап кылган. Күч органы Элдик курултай өткөрүүнүн жобосу боюнча оппозиция жергиликтүү кеңеш жана бийлик менен макулдашууга, мындан тышкары курултай өткөрүү тууралуу атайын билдирүү кагазын жергиликтүү бийликке берүүгө милдеттүү, деп маалымдаган. Түп райондук прокуратурасы 31-май күнү Түптө курултай өткөрүү аракетинде оппозиция мунун бирин да аткарган эмес, деп эсептеп, мындан ары дагы ушундай аракеттер кайталанса, жыйындын уюштуруучулары административдик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы ыктымалдыгын эскертет. БЭКтин уюштуруу штабынын башчысы Азимбек Бекназаров өзү да, кыймылдын башка мүчөлөрү да эч кандай эскертүү алыша электигин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда күч органдары тынч, куралсыз жыйын өткөрүүнү каалагандарды эмес, аларга күч, жаман сөз колдонуп, курултай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей ажылдаган аялдар менен дүкүлдөгөн жигиттерди жоопкерчиликке алууга тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG