Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Исхак Раззаковго “Кыргыз эл баатыры” наамын берүү демилгеси көтөрүлдү


Мындай демилгени Темир Сариев жетектеген “Ак шумкар” саясий партиясынын жаштар канаты көтөрүүдө. Аталган партиянын жаштар канатынын мүчөсү Адилет Айтикеевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча коомдук-саясий ишмер Исхак Раззаков Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бардык тараптан жан үрөп, адилет, ак кызмат кылган. “Исхак Раззаков тарыхта калтырган бейнесин таза туткан, чындык үчүн садага чабылган инсан, ошондуктан, тарых алдындагы парзыбызды аткаруу кийинки муун-биздин милдетибиз,” дейт Адилет Айтикеев. “Ак шумкар” саясий партиясынын жаштар канаты бул демилгесин маданият жана маалымат министрлигине, коомчулукка кайрылуу аркылуу жүзөгө ашырууну көздөшүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG