Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Сузак районунда окуучу кызды класс жетекчиси сатууга аракет кылганы жөнүндө кылмыш иши козголду


7-класста окуган Гүлжамал аттуу кыздын башынан өткөн окуя жөнүндө бүгүн Жалал-Абат университетинде болгон жыйында айтылды. Андагы маалыматка ылайык, аталган кызды класс жетекчиси коркутуу менен бейтааныш автоунаага салып жиберген. Кийин кыз Ошко жеткирилип, белгисиз бирөөлөрдүкүндө бир нече күн кармалып турган. Ал тиешелүү документтери жасалып бүткөндөн кийин Россия же Казакстанга сатылаары тууралуу уурдап барган кишилердин өз ара сүйлөшкөнүн уккан. Гүлжамалды уурулардын колунан белгисиз адам айткан дарек менен Ошко барган апасы бошотуп алган. Кыздын апасы Базарова Махабархандын айтымында, ички иштер бөлүмү менен прокуратурага берген арыздан жыйынтык чыккан эмес. Окуучу кыздын класс жетекчиси эне менен кыздын айткандарын төгүнгө чыгарууда. Облустук прокуратура Базарованын экинчи арызынан кийин Сузак районунда кылмыш иш козголгонун билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG