Бюджет жана финансы комитети “Ак кеме” мейманканасында өткөрө турган парламенттик угууда “Микрофинансылык уюмдар”, “Чет өлкөлүк валюта менен иш жүргүзүү жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү маселеси талкууланат. Угуулар Европа Биримдигинин жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)