Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Ак-Суу айылында ачкачылык бүгүн токтотулат


Петровка айылындагы окуяга байланыштуу камакка алынган Эркин Бөлөкбаев жана Сапар Аргымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен 26-майдан бери ачкачылык кармап келаткан жети киши бүгүн акциясын токтотушат. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, акция бийлик тарабынан көңүл бурулбагандыктан жана акцияга катышкандардын ден-соолугу начарлаганына байланыштуу токтотулууда. Бирок жергиликтүү активист Баялы Саркуловдун билдирүүсүнө караганда, өткөн жуманын соңунда Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов ачкачылык кармагандар менен жолугушуп, алардын талабын жогорку бийлик органдарына жеткирүүгө убада берген.(AiT)

XS
SM
MD
LG