Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

“Газпром” Түркмөнстанга макулдашуунун шарттарын карап чыгууну сунуш кылды


Орусиялык “Газпром” компаниясы Түркмөнстанга газ тууралуу макулдашуунун шарттарын кайра карап чыгууну сунуш кылды. “Газпромдун” төрага орун басары Валерий Голубевдин айтымында, Түркмөнстан же саткан газдын өлчөмүн азайтышы керек, же бааны төмөндөтүшү зарыл. “Себеби “Газпром” азыр газды Украина жана Европа өлкөлөрүнө мурдагыдай баа менен сата албай калды” деди Голубев. Өз сөзүндө Голубев башка газ куурлары болбогондуктан Түркмөнстан “Газпромдон” башка эч бир компания менен азырынча кызматташа албай турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG