Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:23

АКШ Түштүк Осетияда өткөн шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт


АКШ жекшемби күнү (31-майда) Түштүк Осетияда өткөн парламент шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө бул шайлоо Түштүк Осетиядагы кырдаалды жөнгө салууга жардам бербей турганы айтылат. Буга чейин Грузиядан көз карандысыздыгын өз алдынча жарыялаган Түштүк Осетияда өткөн шайлоону Евробиримдик да тааныбай турганын билдирген. Орусия жана КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары болсо шайлоо “ачык жана эркин өттү” деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG