Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Пакистан: 400гө жакын мектеп окуучу уурдалды


Пакистандын түндүк-батышында талип жоочулары төрт жүзгө жакын мектеп окуучуну уурдап кетишти. Полициянын маалыматына ылайык, 30га жакын автобуста бараткан окуучуларга талиптер Вазиристан вилайтинде кол салган. Кабарларга караганда барымтага алынгандардын көбү 15 жаштагы өспүрүмдөр. Ал аралыкта Пакистандын куралдуу күчтөрү Сват өрөөнүндө талиптерге каршы урушту улантууда. Акыркы 2 күн ичинде Сват жана Бунер аймактарында 40ка жакын талип өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG