Атлантикадан учуп баратып дайынсыз жоголгон франциялык аба лайнердин ичинде 228 жүргүнчү бар болчу. Air France аба компаниясына тийешелүү учак Бразилиядан Парижге бараткан. Асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй учак менен байланыш үзүлгөн. Учурда учакты издөө иштери жүрүүдө. Абалайнердин жоголуп кетишинин себептери такталууда. Айрым маалыматтарга караганда, учакка чагылган тийип, ал кырсыкка учураган болушу ыктымал.