Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Өзбекстандагы жардыруулардын изин куралчан топтор менен туташтыргандар бар


“Central Asian news” интернет маалымат агенттиги Deutsche Welle радиосунун маалыматына таянып өткөн апрель айынын аягында 40ка жакын куралчан адам Ооганстандан Тажикстандын аймагына ооп кирди деген маалымат таратты. Маалыматка караганда, Ооганстандын чегара аскеринин атын жашыруун калтырган офицери ушул жылдын март айында Тахир Юлдашевдин мыкты куралданган жүзгө чукул жоокери Гильменд провинциясынан Кундузга өтүп, майда топторго бөлүнүп кетишкендигин айткан. Ошон үчүн Өзбекстандын Ханабад жана Анжиян шаарларында болгон жардыруу “Өзбекстандын ислам кыймылы” менен байланыштуу экендигинен оогандыктар шек санаган жери жок деп жазып жатышат. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы куралчан топтордун кыймылы тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин жана Өзбекстандагы кийинки окуяларга эмне себеп болгондугу тууралуу да кошумчалай турган маалымат жок деп “Азаттыкка” билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG