Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Евробиримдик ЕККУнун байкоочуларынын санын чектебөөгө чакырык салды


Мындай чакырык Евробиримдиктин кыргыз бийлигине жолдогон бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Евробиримдик БШКнын ЕККУнун адам укуктары боюнча бюросунун байкоочуларынын саны менен тутумуна чектөө салышына тынчсызданып, мындай чектөө бюронун өз миссиясынын талабына ылайык байкоо салуусуна жолтоо болот деп билдирди. БШК президенттик шайлоо жарыялангандан кийин кыргыз жарандары эл аралык уюмдардын атынан шайлоодо байкоо жүргүзө албайт деген чечимге келген. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов “Азаттыкка” БШК мындай чечим менен Кыргызстандагы президенттик шайлоого эл аралык уюмдар менен коомчулуктун кызыгуусунун деңгээлин билүүгө кызыккан жана чет элдик уюмдардын атынан чет өлкөлүк канча жаран байкоочу болуп келсе да тыюу салбайт деп билдирди. Анын айтымында, чет элдик уюмдун байкоочусу деген ат менен жергиликтүү тургундардын байкоо жүргүзүүсү шайлоого эл аралык коомчулуктун кызыгуусу бар деген жасалма көз карашты пайда кылгандан улам БШК ушундай тыюу салууга барган.(BD)

XS
SM
MD
LG