Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:58

Пакистандын соту Мумбайдагы жардырууга тиешеси бар деп шектелген исламчыл лидерди бошотту


Пакистандын Лахор шаарынын Жогорку Соту “Жамаат ад-Дава” деген исламчыл уюмдун негиздөөчүсү Хафиз Мохаммад Сайеддин камакта кармалуусу “негизсиз” деп тапканын анын адвокаты билдирди. Маалымат башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Хафиз Мохаммад Сайед былтыр Индиянын бийликтери Мумбайдагы жардырууларды Пакистандагы согушкерлерден көрүп жаткандыгын айтып чыккан соң үй камагына отургузулган эле. Мумбайда былтыр ноябрда жасалган террордук чабуулдардан 166 киши каза тапкан.

“Жамаат ад-Дава” уюму Хафиз Мохаммад Сайед тарабынан 2002-жылы “Лашкар –е-Тайба” тобунун ордуна негизделген. “Лашкар –е-Тайба” болсо мындан жыйырма жылдай илгери талаштуу Кашмир чөлкөмүндө Индиянын башкаруусуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. 2002-жылы ал уюмга тыюу салынган болчу.

БУУнун Коопсуздук кеңеши анын ордуна түзүлгөн “Жамаат ад-Дава” уюмун да былтыр декабрда террорчул топтордун тизмесине кошкон. Индия Мумбайдагы жардырууларды “Лашкар –е-Тайбанын” согушкерлери жасаган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG