Баткенде кечээки нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки сел 15 гектардай баш алып калган буудай аянтын, бир катар айылдарда ички чарбалык арыктарды жууп кеткенин облустук акимчиликтин коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, сел Баткен, Лейлек райондорунун бир катар айылдарында ички чарбалык арыктарды, айдоо аянттарын, жолдорду, жабыркатты. Бужум айылында 15 гектар баш алып калган буудай аянтын да суу жууп кеткен. Учурда чукул кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрү айыл тургундарынын жардамы менен бул табият кырсыгынын кесепеттерин четтетүү иштерин жүргүзүүдө. Атайын түзүлгөн комиссия болсо чыгымдарды эсептеп баштады. Облустук акимчиликтин коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбеков комиссия жыйынтыгына карап мамлекеттик жардамдар берилээрин кошумчалады. (JsA)