Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү нөөмөт кызматынан алынды. Алардын айтымында, бүгүн Бишкекте түшкү саат бир менен экинин ортосунда болгон эки жолу мөндүр аралаш катуу нөшөрдөн жапа чеккендер же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Кыргыз метеорология борборунун билдирүүсү боюнча, мөндүрдүн көлөмү 2 сантиметрге жакын болду жана мындай мөндүр акыркы үч жылдын ичинде боло элек болчу. (BD)