Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Ошто шайлоочулардын тизмесине өлүү жандар катталган


Ош шаарынын 2008-жылы каза болгон 55 жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн билдирди. Анын президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык экинчи жыйында билдиргени боюнча мындан тышкары тизмеге 2009-жылдын январь айында каза тапкан 21 жарандын да аты-жөнү киргизилип, “Шайлоо” мамлекеттик-автоматташтырылган системага 19 көчөнүн эски аталыштары катталган. Бул фактыны жакында аталган шаарда болуп кайткан өкмөттүк комиссия ачыкка чыгарган. Өкмөт башчынын айтуусунда Республикалык штабда шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча өзгөчө кооптоону бар, анын белгилөөсүнө караганда бир канча жылдап жашап келе жатканына карабай, кээ бир жарандар өздөрү турган аймактардын шайлоо тизмесине кирбей калган учурлар бар. Игорь Чудинов ушул күнгө чейин ички мигранттар менен иш алынгып бара электигин, шайлоочулар тууралуу так маалыматтар жоктугун кошумчалады. Жыйынга катышып отурган Ош шаарынын мэри бул мүчүлүштүктөрдү мойнуна алып, мындай катачылыктар жакын арада жоюларын убада кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG