Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Түптөгү окуя боюнча БЭК эртең маалымат берет


БЭКтин саясий бюро мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча эртең Түптөгү окуяга байланыштуу кеңири маалымат жыйыны өткөрүлөт. Өмүрбек Текебаев 31-майда Түптө уюштурулган Курултай максатына жетти, деп эсептейт, анын айтуусунда Курултайга бара жаткан элге түрдүү ыплас тоскоолдуктарды жасоо менен бийлик өзүнүн чыныгы жүзүн дагы бир ирет көрсөттү. “Жергиликтүү бийлик менен күч органдары кылмыш дүйнөсү менен чогуу жүрүштү. Булар өз бийлигин сактап калуу үчүн бардыгына, ар кандай жаман иштерге да даярдыгын көрсөттү. Оппозициянын уюшкандыгын көрсөтүүгө дал ушул бийлик жан-жөкөрлөрү менен тоскоолдук кылды. Беш миңге жакын адам курултайга жетпей, бийликтин мына ушундай чыныгы жүзүн көрүштү, алар муну жер-жерлердеги элине айтып барат, ошондуктан, курултай максатына жетти,” дейт Өмүрбек Текебаев.
Кечээ Түп райондук прокуратурасы "жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укуктары жөнүндө" мыйзамдарын бузду деген жүйөө менен БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровго эскертүү жолдогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG