Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Президенттикке талапкерлердин үчөө жыдыды


Алардын экөө -мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калган Кутманбек Эшенбаев менен Азамат Уламаев шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. Ал эми Жаныбек Сүйүнбаев президенттик шайлоого ат салышуу тууралуу БШКга берген арызын кайра кайтарып алган. Талапкерлерди колдоо боюнча кол топтоо бүгүн саат 00:00 дө аягына чыгат. Чогулган колдорду тапшыруу мөөнөтү соңуна чыккандан кийин президенттикке талапкерлердин так саны аныкталмакчы. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында айтылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG